Кара-Суудагы куралдуу каракчылык: Шектүүлөр изделүүдө

Кара-Суудагы куралдуу каракчылык: Шектүүлөр изделүүдө

Ош облусунун Кара-Суу районунда, 27-январда эки жаранды аткылап кеткен адамдар кармала элек. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, учурда кылмышкерлерди издөө иштери уланууда.

«Азырынча шектүүлөр кармала элек, издөө иштери жүрүп жатат. Кол салгандар ким экени белгилүү боло элек, такталып жатат», — деп билдиришти милициядан.

Ал эми «жабыркаган адамдар кол салышы мүмкүң деп кимден шектенип жатканын айттыбы?» деген сурообузга тергөөнүн сыры болгондуктан айта албай тургандыгын билдиршти.

«Версиялар бар. Бирок тергөөнүн сыры болгондуктан айта албайбыз. Кармалгандан кийин айтабыз. Көп версия боюнча иштер жүргүзүлүп жатат», — деп белгилешти облустук милициядан.

Эскерте кетсек, 27-январда куралдуу каракчылыктан кийин жарадар болгон эки адам ооруканага түшкөн. Бул окуя боюнча тергөө иштери башталган.

Алгачкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, 27-январь күнү саат 19:15 чамасында Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы турак жайлардын бирине куралчан, үстүнө камуфляж формасын кийген 30-35 жаштардагы белгисиз жарандар «Мересед-Бенц-Вито» үлгүсүндөгү унаа менен келишип, үйдүн короосуна киришкен. Аталган турак жайдын жашоочулары өздөрүнүн «Тайота Ленд Крузер 200» үлгүсүндөгү жол тандабас унаасын айдап чыгып баратканда, аларга карата ок чыгарышкан.

Алардын аткан огунан 2 жаран жарадар болгон. Ошол эле күнү саат 22:11 чамасында жаракат алган 32 жаштагы  М.А. (ич тарабына) жана 21 жаштагы Т.А. (бутуна ок тийген) медициналык жардам сурап ооруканага кайрылышкан. Алар ооруканага жаткырылган.

Аталган  факты боюнча Кылмыш кодексинин 207-беренесинин негизинде (Каракчылык) кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 27-январь күнү саат 23:21 чамасында «Мерседес-Бенц-Вито» унаасы Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясы аркылуу өткөн көпүрөдө токтоп турган жеринен табылган.

Кара-Суудагы куралдуу каракчылыкта эки адам жарадар болду. Чоо-жайы

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>