Өзбекстанга бодо мал жүктөп бараткан жаран кармалды

Өзбекстанга бодо мал жүктөп бараткан жаран кармалды

2023-жылдын 30-январында Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте чек арадан мыйзамсыз мал алып өтүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ала-Бука районунун Ак-Там участкасында кызмат өтөп жаткан учурда чек ара тозоту Кыргызстандын жараны башкарып бара жаткан «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү унаасын токтотушкан.

Белгилүү болгондой, Аксы районунун Кара-Дөбө айылынын 1989-жылы туулган тургуну С.К., Кыргызстандан 4 баш бодо малын андан ары сатуу үчүн Өзбекстанга мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган малдын баасы 300 миң сомду түзгөн.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана ири мүйүздүү мал иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>