Президент «Байрактарды» башкаруу базасын ачты — видео

Президент «Байрактарды» башкаруу базасын ачты — видео

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Чек арачылардын алдында сүйлөп жатып президент өлкөнүн тынчтыгы менен туруктуулугу чек арадан башталарын белгилеген.

«Мына ошондуктан Кыргызстандын чек ара коопсуздугун камсыздоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет. Биз чек арачыларыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүүгө бардык чараларды көрүүгө жооптуубуз», — деди ал.

Ал өткөн жылы Чек ара кызматы үчүн республикалык бюджеттин эсебинен биринчи жолу учкучсуз учуучу аппараттар сатылып алынганын эске салды.

Базанын ачылышы тууралуу сөз кылып, Жапаров ал чек араларды кайтарууда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жер үстүндөгү күчтөрү менен аскер бөлүкчөлөрүн абадан коргоо боюнча негизги милдеттерди аткарарын белгиледи.

Мамлекет башчысы чек аранын коопсуздугун камсыз кылууда материалдык базаны чыңдоого сатылып алынган техникалардын күжүрмөн мүмкүнчүлүктөрү өлкөнүн эгемендигин коргоо максатындагы машыгууларда гана колдонулат деген ишенимин билдирди.

«Мен ар дайым айтып келем – Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө. Биздин куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүүгө болгон аракеттерибиз коргонууга гана багытталаарын баса белгилеп кетейин», — деди ал.

Президент аскер кызматкерлерин базанын ачылышы менен куттуктап, алар мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатында  калыптанган салтты татыктуу улантып, жоопкерчилик жана мекенчилдик сезимди бийик коюп, Мекен алдында ак кызмат өтөп жатышканын белгиледи.

«Биздин чек арабыз ишенимдүү колдо! Элибиздин ишеничи менен үмүтү сиздерге мындан ары дагы чоң-чоң ийгиликтерди жаратууга дем болуп, күч-кубат берет деп ойлойм», — деди өлкө башчы.

Президент Садыр Жапаров базанын инфраструктурасы жана мамлекеттик чек араны коргоодо сокку уруучу учкучсуз учактарды колдонуу менен күжүрмөн күзөттүн уюштурулушу менен таанышты.

Белгилей кетсек, «Байрактар» учкучсуз аппараттарын тийиштүү окууларды өтүп келген Чек ара кызматынын офицерлери башкарышат. Бул мамлекеттик чек араны абада кайтарууга алган офицер-чек арачылардын алдыңкы тобу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>