Каржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалдыБишкекте Абдрахманов көчөсүндө 10 күнгө жол кыймылы чектелет
Караколдо 23 жаштагы келин төрөттөн каза болду
15.09.2023 | 21:22
Ысык-Көл облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө толготуп жаткан аял каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Жаңыл Акунова билдирди.
Ак-Суу районунун Токтогул айылынын 23 жаштагы тургуну 9-сентябрга караган түнү төрөт үйүнө оор абалда түшкөн. Анын шишиги бар, дем алуусу начар, сатурациясы төмөн болгон.
«Анын ата-энеси Түптө жашайт, ал ошол жерде болгон. Бирок алар дарыгерлерге кайрылышкан эмес, абалы оорлошуп, төрөт үйүнө жеткирилген. Дарыгерлер операция жолу менен төрөттү. Тилекке каршы, абалы жакшырбай каза болуп калды», – деди Акунова.
Аялдын 36 жумалык боюнда болгон, каттоодо турган. Ымыркай азырынча ооруканада жатат, абалы турукташып калды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар