Караколдо эки аял бычакталып өлтүрүлдү. Шектүү кармалды

Караколдо эки аял бычакталып өлтүрүлдү. Шектүү кармалды

Каракол шаарында эки аялды бычактап өлтүрүүгө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 14-сентябрда саат 00:00дөр чамасында Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районундагы батирлердин биринен азиат улутундагы 2 аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу Кашка-Суу кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн батирлеринин биринен 55-60 жаштардагы азиат улутундагы эки аялдын жансыз денесин табышкан.

Аялдардын денесин кароодо бир нече жолу бычактан алган жаракаттары табылган. Ошондой эле аялдардын өздүгү такталып, алар Каракол шаарынын тургундары, 1965-жылы туулган К.Г. жана 1966-жылы туулган К.С. экендиги такталды. Окуя болгон жерден канга окшош кызыл түстөгү издери бар жыгач сабы бар стол бычагы табылган.

Аталган факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон Каракол шаарынын 1978-жылы туулган Ч.У аттуу тургуну кармалган.

Шектүүнүн үйүндө ыйгарым укуктуу тинтүү жүргүзүүнүн алкагында балкондон кара түстөгү спорттук баштыкка салынган жапайы кара куурайдын өзгөчө жыты бар желим баштыкка оролгон күрөң кара түстөгү зат жана бир литрлик желим идиштен күрөң түстөгү суюктук табылган.

Уктоочу бөлмөсүнөн спирттин өзгөчө жыты бар жапайы кара куурай табылган. Бул факты боюнча кылмышка шектүүгө 1-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо) жана ушул берененин негизинде кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Киши өлтүрүү фактысы боюнча бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>