Караколдо кыям, шире чыгарган ишкана иштей баштады — сүрөт

Караколдо кыям, шире чыгарган ишкана иштей баштады — сүрөт

Караколдо кыям, шире жана кой жүнүнөн сувенирлерди жасаган ишкана иштеп баштады. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) Каракол шаарында «Бир айыл — бир продукт» долбоорунун алкагында мөмө-жемиштерден кыям жана шире, ошондой эле кой жүнүнөн ар кандай сувенирлерди чыгарган чакан ишкананы ишке киргизген. Учурда ишкана өндүргөн продукция жана Каракол шаарына жакынкы райондордун тургундары жасаган продукт, сувенирлер JICA уюштурган Каракол шаарындагы атайын дүкөндө сатылууда.

6-декабрь күнү облус башчысы Илияз Иманбетов аталган ишканага барып, учурда жүрүп жаткан иштер менен таанышкан. Анда облус жетекчиси ишкананын кеңейишине колдоо көрсөтөрүн белгиледи.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>