Кыргызстанда 95 млн долларга калдыктарды кайра иштетүүчү комплекс куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев Бишкектин Чыгыш айланма жолунун курулушун текшердиКыргызстан Кытайдын литий гиганты Ganfeng Lithium менен кызматташуу меморандумуна кол койдуКыргызстандын Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери Кореяда «акылдуу» дыйканчылык боюнча окуудан өтүштү«ВКонтакте» Кыргызстанда салык төлөй баштадыБишкекте жыл башынан бери автобустар катышкан 521 жол кырсыгы катталды
Караколдо өспүрүмдү сүзүп кеткен 20 жаштагы айдоочу кармалды
04.03.2024 | 12:58
3-март күнү Каракол шаарында 16 жаштагы өспүрүмдү сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу аймактын Жол кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы Каракол шаарынын Карасаев жана Шапак Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Айдоочу жолдон өтүп бара жаткан жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Шектүү кармалып, анын “ВАЗ 231099” үлгүсүндөгү авто унаасы айып короо жайына токтотулду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом