Алдыда электр энергиясына чектөө киргизилет

Алдыда электр энергиясына чектөө киргизилет

Быйыл энергетика тармагында күз-кыш мезгилине даярдык эрте башталат. Бул тууралуу маалымат жыйында энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегаты жана Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидроагрегаты 5-марттан тарта реконструкцияга берилет жана ага байланыштуу аталган агрегаттар оңдоо иштери аяктаганча электр энергиясын өндүрбөйт. Мындан улам оңдоп-түзөө иштери учурунда өлкө боюнча 290 МВтка тартыштык жаралып, электр энергиясына чектөө киргизилет.

Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегатын реконструкциясы быйыл декабрь айында жана Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидроагрегатыныкы 16-ноябрда бүткөрүлөрү пландалууда.

Министрлик жарандарды электр энергияны көп керектеген шаймандарды бир убакта күйгүзбөөгө (айрыкча эртең мененки саат 06:00дөн 9:00гө чейин жана кечинде 18:00дөн 21:00гө чейин) чакырат.

Аны менен бирге алдыда Электр тармактар ишканаларында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү пландалгандыктан, оңдоо иштери учурунда жарык өчүрүлө турган болсо, ал тууралуу сайттар, социалдык тармактар жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу алдын ала маалымат берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>