Орусиядагы кыргызстандык таксисттер жол кырсыгына көп кабылышат

Орусиядагы кыргызстандык таксисттер жол кырсыгына көп кабылышат

Орусияда өткөн жылы чет элдик таксисттердин катышуусундагы кырсыктардын саны 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 20 пайызга өскөн. Ошол эле учурда Кыргызстандын жарандары көбүнчө автокырсыкка кабылышат. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча илимий борборунун маалыматтык-аналитикалык баяндамасында айтылат.

Иликтөөлөргө ылайык, чет мамлекеттин жарандары болгон таксисттердин катышуусунда 973 жол кырсыгы катталып, 29 адам каза болуп, 1211 адам жаракат алган. Ошол эле учурда жол кырсыктарынын саны 19,7 пайызга, жаракат алгандардын саны 17,9 пайызга өскөн. Каза болгондордун саны 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өзгөргөн жок. Белгиленгендей, бул айдоочулар өздөрү катышкан кырсыктардын дээрлик 62 пайызына күнөөлүү.

Көпчүлүк учурларда чет өлкөлүк жарандар катышкан жол кырсыктары Москвада (72,4 пайыз) катталса, башка аймактарда алардын саны кыйла аз.

«Чет мамлекеттердин жарандары болгон таксисттердин катышуусундагы жол кырсыктарынын үчтөн экисинен ашыгы (689) Кыргыз Республикасынын айдоочулары менен болгон», — деп айтылат маалыматта.

Мындай кырсыктардан 25 адам каза болуп, 845 адам жаракат алган. Кырсыктын көрсөткүчү боюнча Тажикстан (100) жана Өзбекстандын (95) айдоочулары экинчи жана үчүнчү орунда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>