Каракталган унаа Оштогу прокурордон табылды: Зулушев окуя боюнча айтты

Каракталган унаа Оштогу прокурордон табылды: Зулушев окуя боюнча айтты

Чүй облусунда каракталган унаа Ош шаарында прокурордун унаа токтотуучу жайынан табылганы маалымдалды. Мунун канчалык чындыгы бар? Мындай суроону бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев башкы прокурор Курманкул Зулушевге узатты.

Башкы прокурор бул боюнча ички иликтөө иштери башталганын билдирди.

“Азыр ишти ИИМ тергеп жатат, анын жыйынтыгы менен баа берилет. Кызматтык иликтөөдө маалым болгондой, түнкү саат 1-2де Түркиядан досу телефон аркылуу байланышып, унааны үйүнө токтотуп коюуну өтүнгөн экен. Бул боюнча телефондогу далилдер да бар. Ошондуктан ал унааны үйүнө алып келип токтотуп коюптур. Ишке тергөө баа берет. Эгер күнөөсү болсо, ал жазадан кутулбайт”, — деди Зулушев.

Буга чейин Чүйдүн Ысык-Ата районунда адамды скотч менен ороп, талаага таштап, унаасын айдап кеткен шектүүлөр кармалганы маалымдалган.

Маалым болгондой, 2023-жылдын 3-апрелинде кечинде Б.Н. жолдун кесилишинде Достоевский менен Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар келген. Алар интернет аркылуу сатыкка коюлган Range Rover унаасын сатып алуучулары катары тааныштырышкан.

Алар жаранды өлтүрөбүз деп коркутуп, күч колдонуп, скотч менен ороп, унаанын документтерин, 50 000 сом акчасын жана iPhone 11 Pro телефонун тартып алышкан. Аны унаага салып, талаага алып келишкен. Ал эми Range Rover унаасын белгисиз тарапка айдап кетишкен.

Факты боюнча Ысык-Ата РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 165-берененин (адам уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмышка шектүүлөр аныкталып, 1998-жылы туулган К.Н. 1994-жылы туулган С.К., 1994-жылы туулган М.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Каракталган «Range Rover» үлгүсүндөгү унаа Ош шаарынын аймагынан табылган. Кийинчерээк жабыркаган тарап унаа Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Алмазбек Абжалиев айдап жүргөн учурда табылганын айтышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>