«Кандай сонун мэрибиз бар!». Бишкектин башчысы жаңы конуштун тургундары менен жолукту

«Кандай сонун мэрибиз бар!». Бишкектин башчысы жаңы конуштун тургундары менен жолукту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жер-Ынтымагы жаңы конушунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, Жер-Ынтымагы жаңы конушунун тургундары жер амнистиясынын алкагында кызыл китептерге ээ болгон. Мындан улам алар аткарылган иштер үчүн шаар мэрине жана тиешелүү кызматтардын жетекчилерине ыраазычылык билдирүү үчүн жолугушуу уюштурган.

«Көп жылдан бери чечилбей келген маселебиз чечилди. Үйүбүзгө документ алдык. Эми каттоого туруп, эл катары шайлоого катышабыз. Балдарыбызды мектепке, бала бакчага каттата алабыз. Каттооңор жок деп оорукана карабай койчу эле, буюрса, бул көйгөйдөн да кутулдук», — деген жергиликтүү тургундар.

Мэрия билдиргендей, конуштун тургундары аталган реформаны ишке ашырууда өлкө башчысы саясий эркин көрсөткөнүн белгилешкен.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, шаардагы кызматтар тарабынан аталган конуштагы 832 жашоочуга токтомдор чыгарылып берилген. Бул багытта иштер уланууда.

Белгилей кетсек, аталган жолугушууда илинген баннерлерде «Ушундай мэрге биз ыраазыбыз! Сиздердей адамдар көбөйө берсин!», «Кандай сонун мэрибиз бар. Бардык кадрлар сиздей болсо», — деген жазууларды көрүүгө болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>