Каржы пирамида түзүп, элди 10 млн сомго алдап кеткен аял кармалды

Каржы пирамида түзүп, элди 10 млн сомго алдап кеткен аял кармалды

Сокулукта каржы пирамида уюштуруп, жабырлануучуларга 10 миллион сомдон ашык чыгым келтирген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын июнь айынын аягында Сокулук РИИБге арыз менен Күн-Туу айылынын жашоочусу А.Ж. кайрылып, “А” аттуу аял Whatsapp мессенджеринде бир нече тайпаларды түзүп, “кыска аралыкта акча каражатын эки эсеге көбөйтүп берем деп алдап, 187 000 сом акча каражатын котортуп алганын билдирип, чара көрүүнү суранган.

Аталган арыз Сокулук РИИБге катталып, КЖКнин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда кийинки жагдай такталган. «А» аттуу аял Whatsapp мессенджеринде катышуучулары карапайым жана улуу курактагы адамдардан турган бир нече тайпаларды түзүп, аларга “кыска убакыттын ичинде акчаларын эки эсе көбөйтүп берем” деп алдоо жолу менен акча каражаттарын котортуп алган.

Учурда тергөө кызматына аталган аялга чара көрүү боюнча бир топ жарандардан арыздар түшүп, алдап алынган акча каражаты 10 миллион сомдон ашык экени такталды.

Сокулук РИИБтин ЭММКАКтын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында «А» аттуу аял Бишкек шаарынын тургуну 1985-жылы туулган Ж.А. экендиги аныкталып, кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Сокулук райондук соту Ж.А.ны камакка алуу чечимин чыгарды.  Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Милиция  Ж.А. аттуу аялдын кыймыл-аракетинен жабыр тарткан жарандарды Сокулук РИИБге 03134 53380, 0706 360006, 0552360006, 0700343803 теленфондору аркылуу кайрылууну өтүнөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>