Баткенде милиционер сууга чөгүп бараткан адамды куткарып калды

Баткенде милиционер сууга чөгүп бараткан адамды куткарып калды

Баткендин Кадамжай районунда милиция кызматкери сууга чөгүп жаткан кишини куткарып калды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, жай мезгилинде Кадамжай районундагы Жийделик эс алуу жайына көптөгөн адамдар келип, сууга түшүп эс алып кетишет. Ага байланыштуу Баткен облустук милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери Жийделик көлүнүн айланасында жарандардын коопсуздугун сактоо жана коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча иш алып барат. 6-июль күнү кайгуул-күзөт кызматкерлери аталган жерде кызмат өтөп жүрүп, сууга чөгүп бараткан кишини байкап калат.

«Көлдөгү куткаруучулар сууга чөгүп жаткан кишини куткармакчы болуп, бирок алы жетпей баратканын көргөн Баткен облустук милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын милиционери Расулжан Астанов сууга чөккөн жаранды куткарып чыккан», — деп айтылат маалыматта.

Куткарылган жаран Ош облусунун Алай районунун 41 жаштагы Исраил Алибаев аттуу тургуну экендиги белгилүү болуп, ал милиция кызматкерлерине өзүнүн ыраазычылыгын билдирген.

«Милициянын улук сержанты Расулжан Астанов ички ииштер органдарында төрт жылдан бери кызмат өтөп, 7 жолу ар кандай кылмыштын бетин ачууга катышкан. Былтыркы жылы да ушул көлмөдө кызмат өтөп жүрүп бир жаранды сууга чөгүп бара жаткан жеринен куткарып калган», — деп билдиришти милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>