Каржы пирамидасын жарнама кылгандар 5 жылга кесилет. Долбоор

Каржы пирамидасын жарнама кылгандар 5 жылга кесилет. Долбоор

Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында каржы пирамидаларын жарнама кылгандарды жазага тартууну караштырган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, депуттар тарабынан жактырылды.

Бул мыйзам долбоорунун демилгечиси — депутат Шаирбек Ташиев.

Анын айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда каржы пирамидаларына, аны менен бирге турак жай кооперативдерине акчасын салып, алданып калган жарандар көбөйүүдө.

Каржы пирамидаларына элдин ишенип калышына аларды жарнама кылган таанымал адамдардын да салымы болуп жаткандыктан, каржы пирамидасын түзгөн шылуундарды гана эмес, аны жарнамалаган таанымал кишилерди да жазалоо сунушталууда.

Ташиев билдиргендей, мыйзам долбоору боюнча жарнама кылган адамдарга айып салуу менен бирге үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Учурда документте айып пулдун өлчөмү 2-2,5 млн сом деп көрсөтүлгөн. Бирок ал 200 эсептик көрсөткүчтөн (бир эсептик көрсөткүч 100 сомго барабар – ред.) көп болбошу керек болгондуктан, айып пул 20 миң сом болуп каралат.

ИИМдин маалыматы боюнча Кыргызстанда 2022-жылы 1 миңден ашык адам каржы пирамидалардан жабыр тарткан. Жалпы келтирилген материалдык чыгым 273 миллион сомдон ашык жана 1 млн 579 миң доллардан ашык сумманы түзөт.

Каржы пирамидалар жарандарды 4,8 млн долларга алдап кеткен

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>