Таласта муз тээп жатып каза болгон кыздын өлүмү: Милиция эмне дейт?

Таласта муз тээп жатып каза болгон кыздын өлүмү: Милиция эмне дейт?

Талас облусунда дөңсөөдөн баллон менен муз тээп келе жатып, унааны сүзүп каза болгон кыздын жакындары эч кимге арыз-доосу жок экенин билдирди. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, аталган окуя маалыматтарды эсепке алуу журналына кокустук катары каттоого алынган.

«Териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Кыздын ата-энеси, бир туугандары жана күйөөсү эч кимге арыз-доолору жок экенин билдирген. Экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкан», — деп билдиришти милициядан.

Облустук милициядан белгилешкендей, аталган окуя боюнча кылмыш иши козголбошу мүмкүн. Себеби жакындарынан арыз түшкөн эмес. Окуя болгон жер жайыт жери болуп, аны ижарага алып эч ким иштеткен эмес.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 21-январында Бакай Ата районунун Көк-Таш айылында дөңсөөдөн баллон менен муз тээп жатып, 23 жаштагы А.Б.к. аттуу кыз токтоп турган Volkswagen Vento унаасын сүзүп, ооруканага түшкөн. Ал ооруканда каза болгон.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>