Кашкар Жунушалиев Оштогу милициянын даярдыгын текшерди, — сүрөттөр

Кашкар Жунушалиев Оштогу милициянын даярдыгын текшерди, — сүрөттөр

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Ош облусундагы милиция кызматкерлеринин абалынан кабар алды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Кашкар Жунушалиев  2-сентябрь күнү Ош облусундагы ички иштер министрлигинин бөлүмдөрү башкармалыктарынын иши менен жеринен таанышкан.  Анда Кара-Суу РИИБинин Кызыл-Кыштак айылындагы бөлүмчөсү, ИИМдин Баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Түштүк аймактык башкармалыгы, ИИМ тарабынан Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн курулуп жаткан үйдүн курулушунда жана ИИМдин  Ички коопсуздук аскер кызматынын 703-аскер бөлүгүнө барган.

Андан соң Ош облустук ички иштер башкармалыгынын имаратында Ош ОИИБинин бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөргөн.

[su_image_carousel source=»media: 39872,39871,39870,39869,39868″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>