Агартуу министрлиги мугалимдерди мектептеги оңдоо иштерине тартууга тыюу салды

22.05.2026 | 13:59
КРдин Агартуу министрлигинин башкы имараты

Агартуу министрлиги мугалимдерди жана башка педагогикалык кызматкерлерди мектептердеги оңдоп-түзөө иштерине тартууга тыюу салынганын билдирди. Бул чечим жайкы эс алуу мезгилине да тиешелүү.

Мекеменин маалыматында, 2025–2026-окуу жылында мектептерди утурумдук оңдоо үчүн республикалык бюджеттен 404 млн сом бөлүнгөн. Эми бул каражаттар курулуш материалдарын сатып алууга гана эмес, оңдоо иштерин аткаруучу кызматтарга да жумшалат.

Министрлик аймактык бөлүмдөргө тиешелүү тапшырмаларды жөнөткөнүн билдирди. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына мугалимдерди көчө тазалоо, короо шыпыруу сыяктуу чарбалык иштерге тартууга жол берилбей турганы эскертилди.

Мекеме мугалимдердин негизги милдети билим берүү жана тарбия процессин уюштуруу экенин белгилеп, аларды башка иштерге мажбурлоо мыйзамга каршы келерин кошумчалады.

Scroll to Top