Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды

20.11.2022 | 19:19

Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Бул ирет дүйнө чемпионаты 20-ноябрдан 18-декабрга чейин өтөт. Жалпысынан Катарга футбол боюнча 32 курама команда барды.

“Deutsche Welle” басылмасы бул дээрлик жүз жылдын ичиндеги эң кымбат чемпионат болгонун жазды. Эксперттердин божомолу боюнча, Катар бийлиги иш-чараны өткөрүү үчүн 200 млрд доллар сарптаган, бирок так сандар ачыкталбай келет. Чемпионатка бир миллионго чукул күйөрман келет деп күтүлүүдө.

Дүйнө чемпионатын 2022-жылы Катарда өткөрүү чечими 12 жыл мурун кабыл алынган. ФИФАнын мурдагы президенти Зепп Блаттер бул чечимдин “жаңылыштык” болгонун айткан жери бар.

Бүгүн Катар – Эквадор беттеши (башталышы Бишкек убактысы боюнча саат 22:00) Дүйнө чемпиондугуна старт берет. Бул араб дүйнөсүндө өтүп жаткан биринчи дүйнөлүк чемпионат. Турнир дээрлик бир айга созулат: финал 18-декабрда болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top