Садыр Жапаров «Мадина» жаңы базарын ноябрга чейин ишке даярдоону талап кылды21-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидер
Казак күүчүсү “Ак кемедеги” баланын тагдырын күүгө салды – видео
06.08.2022 | 10:51
Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, күүчү Нуркен Аширов Кыргызстандын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестиндеги балага арнап күү чыгарды.
Нуркен Аширов өзүнүн күүсүн Qazaqstan улуттук телеканалындагы «Күй-керуен» (Күү кербен) программасында чертип берди. Анын айтымында, күү менен повесттеги жетим баланын тагдырын чагылдырууга аракет кылган.
“Жаңы чыгарма десе болот. Өзгөчө чыгарма. Ак кеме деген күү. Ал түздөн-түз кемеге байланышы жок десем болот. Ал түрк дүйнөсүнүн сыймыгы, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повеситинин негизинде чыгарылган. Күүнүн негизги мазмуну, мааниси повесттеги жетим баланын тагдырын күү менен чагылдыруу”, – дейт ал.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом