25-май: Айрым аймактарда жаан жаайтКыргызстан жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ооруларынан таза аймак деген эл аралык макамды алууну көздөөдө«Ынтымак» командасы Таласта көк бөрү боюнча Жеңиш кубогун жеңип алдыМинистрлер Кабинети үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге жардам берүү үчүн «бирдиктүү терезе» принцибин киргизүүдөБишкекте кичи футбол боюнча «Евразия Кубогунун» экинчи турнири өттүБишкекте ШКУ өлкөлөрү «Жашыл технологиялык коридорду» түзүүнү макулдашышты
Казакстан: Кызыл-Ордодо үрөй учурган жол кырсыктан 7 киши көз жумду (ВИДЕО)
17.01.2022 | 17:07
Кызыл-Ордо облусундагы жол кырсыктан 7 киши көз жумду. Каргашалуу окуя ишемби күнү, 15-январда болгонун Tengrinews.kz жазып чыкты.
«Кызылорда облусунун 31 жаштагы тургуну башкарган Mazda MPV үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып кетип, Венгриянын 44 жаштагы жараны айдап бараткан VOLVO жүк ташуучу унаасы менен кагышкан. Ал Венгриядан Ташкентке дары-дармек ташып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен Mazda MPV үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги 8 адам ошол жерден каза болгон», – деп билдирди Кызылорда облусунун куткаруу кызматынан.
Куткаруучулар өрт өчүрүп, күйүп жаткан киши сөөктөрүн алып чыгышкан. Жерине эки атайын техника, 8 куткаруучу барган.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар