Казакстанга «Алтын Ордо» базарындагы кыргыз ишкерлеринин маселеси боюнча нота жөнөтүлдү

Казакстанга «Алтын Ордо» базарындагы кыргыз ишкерлеринин маселеси боюнча нота жөнөтүлдү

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) “Алтын ордо” базарында иштеген кыргыз ишкерлеринин абалы тууралу Казакстанга нота жөнөттү. Бул тууралуу тышкы саясый мекемеден билдиришти.

Алмата шаарындагы башкы консул жакынкы күндөрү “Алтын ордо” соода комплексинин жетекчилиги менен жолугушууну пландаштырып жатат.

“Учурда Казакстан тарап бул жагдайды жөнгө салуу боюнча Башкы консулдуктун кайрылуусун карап жатат. Арыз ээлерине ар тараптуу консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп, Казакстандун колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында жаралган маселени чечүү үчүн жактоочу алуу боюнча сунуштар берилди. Бул маселе министрликтин жана Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемесинин көзөмөлүндө турат”, – деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Алматыдагы ири базарлардын бири “Алтын ордонун” аткаруучу директору, кыргызстандык Эрмек Маркабаевди казак полициясы былтыр 2-июнда кармап кеткен. Ал ошондон бери тергөө абагында отурат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: базар

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>