Казакстанда аялын граната менен жардырам деп коркуткан адамга кылмыш иши козголду

Казакстанда аялын граната менен жардырам деп коркуткан адамга кылмыш иши козголду

Орол шаарында граната жардырам деп коркутуп, аялын алты саат бою кеңседен чыгарбай кармап турган адамга каршы «Барымтага алуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Батыш-Казакстан облустук полиция департаменти билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кармалган адам 28-ноябрда аялын нотариус кеңсесинде барымтага алган. Ал бычагы бар экенин жана граната жардырарын айтып, учак жана ири суммада акча талап кылган. Алты сааттык сүйлөшүүнүн жыйынтыгында ал барымтадагы аялды бошотуп, колго түшүп берген.

Полициянын маалыматына караганда, кармалган адам жергиликтүү курал-жарак дүкөндөрүнөн сатып алган гранатанын муляжын колдонгон. Анын буга чейин соттолгону кабарланды.

Барымтада кармалып турган аял ооруканага жеткирилди. Анын сол буту бычактан жаракат алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>