Израилдеги шайлоо: рекорддук катышуу, бирок эч бир блок көпчүлүккө ээ боло алган жокЖапония Кыргызстанга жол куруу техникаларын алуу үчүн 533 млн иен грант бөлдүКыргызстан менен Кытай суу чарба адистерин биргелешип даярдайтЖКнын пленардык жыйынына депутаттардын жарымынан азы катышууда — сүрөтПрезидент V Элдик курултайды уюштуруу комитетинин курамын өзгөрттүКыргызстан санкция тобокелдиктери бар компанияларды жана банктык эсептерди жабууда
Чет элдиктер менен никеге тургандарга салык салуу сунушталды
06.04.2023 | 10:14
Казакстандын парламентинин VIII чакырылышынын депутаты, президенттикке экс-талапкер Каракат Абден чет элдиктер менен никеге турган адамдарга салык киргизүү сунушунан кайткан жок, деп маалымдайт Tengrinews.kz.
“Менин бардык идеяларым, мен чечкен бардык маселелер менин кийинки ишмердүүлүгүмдө уландысын табат.Сиз азыр айтып жаткан нерсе (чет элдиктер менен никеге турууга салык салуу – ред), – кандай болорун толук түшүндүрүү керек. Салык салууга эмнеге болбосун?”– деген депутат журналисттин суроосуна жооп берип жатып.
Буга чейин Каракат Абден чет элдиктерге турмушка чыккан кыздарга салык киргизүүнү былтыр 11-ноябрда – президенттикке талапкерлердин теледебаттарында сунуштаган.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз