Олимпиада-2024. Президент спортчулар колдоого алынарын айтты

Олимпиада-2024. Президент спортчулар колдоого алынарын айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-апрелде, дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент куттуктоо сөзүндө кыргызстандык спортчулар эл аралык аренада чоң жетишкендиктерге жетип жатканын белгилеген.

«Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери, өлкөбүздө дене тарбия жана спорт — мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн башкы багыттарынын бири болуп келген жана болуп кала берет. Бүгүнкү күндө бул тармакта миңдеген адистер иш алып барууда. Албетте, спорттун өнүгүшүнө жана эл аралык аренада жогорку жетишкендиктерге жетишүүдө алардын салымы зор.

Дал ушул дене тарбия менен спорт адамдын сергек жашоого умтулуусуна шык-дем берип, бардык коюлган максаттарга жетүү үчүн темирдей эркке тарбиялайт, жумурай журттун башын бириктирүүгө, улуттун саламаттыгын сактоого өбөлгө болот.

Эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерде байрагыбызды бийик желбиреткен спортчуларыбыздын аркасы менен акыркы жылдары республикабыздын булуң-бурчунда активдүү жашоо образын тандаган, спорт менен машыккандардын саны өстү. Булардын баары спорт тармагында иштеген, өз ишин так билген жана чын жүрөктөн сүйгөн кызматкерлердин талбаган эмгегинин үзүрү деп баса белгилеп кетейин», — дейт ал.

Сөзүн улай президент Парижде өтө турган олимпиада оюндарына лицензия алууга даярданып жаткан спортчуларга ар тараптуу колдоо болорун убадалады.

«Белгилүү болгондой, спорт жаатындагы жетишкендиктер мамлекеттин бакубаттуулугунун, биримдигинин жана өнүгүүсүнүн көрсөткүчү деп билебиз. Ошондуктан, бүткүл республика боюнча спорт тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүүнү башкы максатыбыз катары карайбыз.

Элибиздин намысына бекем туруп бере турган уул-кыздарыбызга эл аралык спорттук аренада ийгиликтерди жаратуусуна зарыл шарттары түзүлөт, Парижде өтүүчү Жайкы олимпиада оюндарына лицензия алууга даярданып жаткан спортчуларыбыз ар тараптуу колдоого алынат.

Дени сак улутту түптөөдө дене тарбия менен спорт тармагын мамлекеттик колдоого алуу абдан маанилүү. Жан дүйнөсү нарк-насилге толгон, адеп-ахлактуу, билимдүү, күч-кубаттуу, сергек жашоону туу туткан жаш муунду калыптандырып алсак, биз сөзсүз бакубат өлкө курууга жетишебиз. Мында, дене тарбия жана спорт кызматкерлери, албетте, сиздердин күч-аракетиңиздер өтө маанилүү.

Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери, сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, чың ден соолук, спорттогу чыдамкайлык, жеңиштерди багындырууда өжөрдүктү каалайм», — дейт айтылат куттуктоодо.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>