Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Казакстанда кароосуз калган кыргызстандык эки бала кайтарылды
07.10.2021 | 17:39
Казакстанда ата-энесиз калган эки жашы жете элек бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, балдарды алып келүү боюнча иштерди Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аткарды.
“Элчилик алардын мекенине кайтып келиши үчүн керектүү документтерди даярдоого жардам көрсөттү”,- деп айтылат маалыматта.
Элчилик ата-энесинин камкордугунан ажырап калган Кыргызстандын жашы жете элек жарандарынын укуктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп келет.