Талас: «Алтын Альянс» айымдардын ден-соолугу үчүн кам көрүүдө

Талас: «Алтын Альянс» айымдардын ден-соолугу үчүн кам көрүүдө

«Алтын Альянс» ЖЧКсы «Бакубат Талас» фонду менен биргеликте, Талас облусундагы аялдардын эмчек безинин рагына карата текшерилүүсүн колдоого алышты.

Текшерүү 29-сентябрдан бери Бекмолдо айыл аймагында эң эле заманбап, санариптештирилген маммограф орнотулган көчмө диагностикалык клиниканын жардамы менен өткөрүлүүдө. Аталган жабдуу залалдуу шишик ооруларын биринчи баскычтарында аныктап берүү менен өмүрлөрдү сактап калууга мүмкүнчүлүк түзөт. Маммографиянын жардамы менен эмчек безинин рагын эртелеп билип алуу — Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан белгиленген алтын стандарттардын бири.

Бардык каалоочулар үчүн текшерилүү акысыз жүргүзүлөт. Учурда Бекмолдо айылынын 150 тургуну текшерүүдөн өттү. Тартылып алынган сүрөттөр анализ чыгаруу үчүн Бишкек шаарына тажрыйбалуу рентгенолог адисине жиберилди. 14-октябрдан тарта маммограф жабдуусу облустун борборунда туруктуу негизде иштеп баштайт. Бардык күмөн санаткан жагдайлар атайын программанын жардамы менен көзөмөлгө алынып, текшерилип жаткан айым кошумча маалыматтарды ала алат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>