Россияда мекендештерин карактаган төрт кыргызстандык кармалды

Россияда мекендештерин карактаган төрт кыргызстандык кармалды

Россияда мекендештерине каракчылык менен кол салган Кыргызстандын төрт жараны кармалды, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 28-ноябрында ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын жарандары  укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо менен кылмыш жасаган адамдарды  аныктоо жана кармоо боюнча чараларды көрүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

2022-жылдын 27-ноябрында саат 03:00 чамасында Россиянын Владимир облусунун Покров шаарында белгисиз адамдар темир жол бекетинин жанындагы бөлмөгө кирип, ал жерден каракчылык менен кол салышкан.

Кол салгандар Жалал-Абад облусунда 1999-жылы туулган К.уулу Н. аттуу жаранды сабап, жанындагы 60 000 рубль жана уюлдук телефонун тоноп кетишкен. Ал эми Ош облусунун 1992-жылы туулган У.уулуУ. аттуу жаранды болсо байлап, күч колдонуп Hyundai Solaris  үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Кийин алар опузалап акча талап кылышканда туугандары анын банк картасына 50 000 рубль акча каражатын которгондон кийин, Москва шаарынан аны коё беришкен.

ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде токтоосуз чараларды көрүп, Россиянын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен бирдикте маселени иштеп чыгып, жогорудагы факты боюнча келип түшкөн арыз полициянын аймактык бөлүмүнө катталган.

Россиянын ИИМдин Владимир облусунун Петушинский району боюнча тергөө бөлүмү белгисиз адамдарга карата Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесинин 2-бөлүмүндө «Каракчылык»  көрсөтүлгөн  кылмыш курамы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул мыйзамсыз аракетти жасаган адамдардын жүргөн жерин аныктоого багытталган комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. 30-ноябрда кылмышка шектүүлөр бараткан унаа токтотулуп, пневматикалык тапанча жана болжол менен жабырлуунучуну видеого тарткан телефон да табылып, алынган.

Жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектүү катары Кыргызстандын төрт жараны кармалды.

— Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 1996-жылы туулган А.уулу К.,

— Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 1998-жылы туулган П.Ч.,

— Баткен облусунун Кадамжай районунда 2000-жылы туулган И.уулу Х.,

— Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2001-жылы туулган О.уулу М.,

“Учурда жогорудагы адамдарга карата жүргүзүлүп жаткан алдын ала тергөө учурунда камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Учурда иликтөө жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабырлануучу менен айрым шектүүлөрдүн ортосунда карыз маселеси болгон”, — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү мыйзам бузуулар жана мыйзамсыз аракеттер барган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык кылмыш  жоопкерчилигине алып келерин эскертет. Мыйзамды билбегендик, кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>