Казакстанда мунай жана газ кени жарылып, эки киши каза тапты (видео)

Казакстанда мунай жана газ кени жарылып, эки киши каза тапты (видео)

Тенгиздеги жарылуудан эки адам каза болуп, үчөө ооруканага жаткырылганын КазТАГ билдирди.

«6-июль күнү саат 09:55 чамасында Жылыой районундагы Теңиз кенинде түтүк жарылып, анын кесепетинен 1985-жылы туулган эки жумушчу каза болгон. Денесинен ар кандай жаракаттарды алган үч кызматкерге медициналык жардам көрсөтүлүүдө», — деп билдирди шаршемби күнү Атырау облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Аталган факты боюнча Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин 3-бөлүгү (эмгекти коргоо эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду.

Тенгизшевройл  ишканасы тарабынан иштетилип жаткан Тенгиз мунай жана газ кени Казакстандагы эң ири кендердин бири болуп саналат, мунай запасы 3,2 миллиард тоннаны түзөт. Атырау облусунун аймагында (өлкөнүн батышында) жайгашкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>