Казакстандык спортчу Ысык-Көлдө жол кырсыктан көз жумду (видео)

Казакстандык спортчу Ысык-Көлдө жол кырсыктан көз жумду (видео)

Ысык-Көл облусунда жүргөн велосипедчен казакстандык спортчу жол кырсыгынан каза тапты. Бул туурасында Ысык-Көл милициясы Reporter.kg′ге тастыктады.

Маалыматка караганда, 16-июлда социалдык тармактарда «Лексус-330» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу велосипед айдап бараткан жаранды сүзгөн видеотасма тараган. Бул видеотасма боюнча Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирет:

16-июль күнү саат 07.40тар чамасында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына телефон аркылуу Булан-Сөгөтү жана Бостери айылдарынын ортосунда жол кырсыгы орун алган деген маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу, Бишкек шаарынын 41 жаштагы тургуну У.А. «Лексус-330» үлгүсүндөгү автоунааны чыгыштан батышты көздөй айдап бара жатып, Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунун 97-чакырымында, Григорьевка айылынын 40 жаштагы П.Инин башкаруусундагы «Ниссан-Микра» үлгүсүндөгү автоунааны каптал жагынан сүзүп, андан кийин жол жээгинде келе жаткан казакстандык велосипедчен 58 жаштагы Д.М.ны сүзүп алган.

Жол кырсыктан улам, Казахстандык жаран окуя болгон жерден каза тапкан.

Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, чогулган материалдар тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилген.

Тийиштүү экспертизалар дайындалды жана айдоочулар алкоголдук ичимдиктерди ичкендигин же ичпегендигин тастыктоо үчүн медициналык күбөлүндүрүүдөн өткөрүлүдө.

Айрым маалыматтарга караганда, казакстандык велоспортчу Мурат Жузгенбаев каза тапкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>