Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Казакстанда жаңы премьер-министр дайындалды
11.01.2022 | 11:55
Мажилистин депутаттары Казакстандын премьер-министрлик кызматына Алихан Смаиловдун талапкерлигин колдошту, деп билдирет Tengrinews.kz.
Алихан Смаиловдун талапкерлиги бир добуштан колдоого алынды.
Мурдагы өкмөт Казакстанда 2022-жылдын 2-январында башталган массалык нааразылык акцияларынан кийин кызматтан алынган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка аймактарга да жайылган.
Президент Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизип, Коопсуздук кеңешин жетектеген. Анын өтүнүчү менен ЖККУ өлкөлөрү Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөткөн. Ал жакка Кыргызстандан “Скорпион” атайын аскерлери да жиберилген.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар