Токаев: ЖККУнун Казакстандагы миссиясы ийгиликтүү аяктады

Токаев: ЖККУнун Казакстандагы миссиясы ийгиликтүү аяктады

ЖККУнун Казакстандагы миссиясы ийгиликтүү аяктады. Тынчтыкты сактоочу аскерлер эки күндөн кийин чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.

Ал кошумчалагандай, ЖККУнун аскерлерин этап-этабы менен чыгарууга 10 күндөн ашык эмес убакыт кетет.

Казакстандагы башаламандыктар, погромдор жана кол салуулардан улам Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) жардам сурап кайрылган. Тынчтыкты сактоочу аскерлердин курамына Армения, Беларусь, Кыргызстан, Орусия  жана Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү кирген. ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн негизги милдеттери болуп маанилүү мамлекеттик жана аскердик объектилерди коргоо, абалды турукташтырууда Казакстандын укук коргоо күчтөрүнө көмөк көрсөтүү жана аны укуктук талаага кайтаруу болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>