Казакстанда жубайы менен ажырашкан киши 60 жолтандабасты (жипти) ижарага алып, саунага барган — видео

Казакстанда жубайы менен ажырашкан киши 60 жолтандабасты (жипти) ижарага алып, саунага барган — видео

Казакстанда жубайы менен ажырашкан киши 60 жолтандабасты (жипти) ижарага алып, саунага эс алууга барган. Бул тууралуу казак маалымат булактары жазды.

Маалыматка ылайык, окуя ушул жылдын 16-ноябрь күнү катталган. Анда аялы менен ажырашкан киши жубайы экөөнө тиешелүү мүлктөрүнүн бардыгын сатышып, акчаны тең бөлүп алышкан. Андан соң күйөөсү жолтандабастарды ижарага алып, майрамдоону пландаган. Бирок жыйынтыгында жубайы менен ажырашуусу ал күткөндөй, майрам менен аяктаган эмес. Анткени жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлерине унаалардын көптүгүнө нааразычылыгын айтып кайрылышкан. Жерине барып милиция кызматкерлери аны кармашкан.

Ижарага алынган  ар бир жолтандабастын баасы 38ден 51 долларга чейин түзгөн. Кортеждин жалпы баасы 1 миллион тенгени чапчыган.

https://www.youtube.com/watch?time_continue=18&v=okKc0fHd7fI&feature=emb_logo

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>