Казакстандагы башаламандыкты уюштурууга кыргызстандыктар да катышкан

Казакстандагы башаламандыкты уюштурууга кыргызстандыктар да катышкан

Казакстандагы январь окуясы боюнча кылмыш иштерине Өзбекстандын, Орусиянын, Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары тартылып жатканын башкы прокурор Берик Асылов билдиргенин КазТаг жазды.

«Массалык баш аламандыкка жана башка кылмыштарга катышкан деп шектелгендер катары чет элдиктер да табылды. Алардын арасында Өзбекстандын, Орусиянын, Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары бар», — деди Асылов бейшемби күнү парламенттин жыйынында.

Ал январь окуясы боюнча 573 адам соттолгондугун, анын ичинде террордук акт боюнча эки кылмыш иши козголгонун белгиледи.

«Кызылордада Кудайбергенов аскер кызматкеринин унаасын алып кетип, аскерлердин кордонуна кирип кеткен, натыйжада Кайсаров каза болгон. Таразда Бекболов акимчиликтин имаратына кол салууга катышып, милиция менен аскер кызматкерлерин башына атууга чакырган. Учурда массалык баш аламандыктын 18 уюштуруучусу аныкталды. Алардын 13үнө карата иштер сотко өттү», — деп кошумчалады Асылов.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач  2022-жылы 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Ал башаламандык талап-тоноо менен коштолгон.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>