Камакка алынган дарыгерлер үй камагына чыгарылды

Камакка алынган дарыгерлер үй камагына чыгарылды

Камакка алынган дарыгерлер үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ленин райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн,  5-январда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Бишкек шаарынын Ленин районунун тергөө судьясына медицина кызматкерлерине карата камоо түрүндөгү баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу боюнча арыз менен кайрылган.

2023-жылдын 5-январында Бишкек шаарынын Ленин районунун тергөө судьясынын токтомдору менен айыпталуучу М.К. Б., Э.А.А., А.Г.Э., К.Б.Б., М.Ж. М.нын мурда тандаган баш коргоо чарасы баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

13-ноябрда болжол менен саат 07:00до Бишкектеги ооруканалардын бирине бала ичи ооруп алынып келген, саат 12:30да ал башка оорукананын реанимация бөлүмүнө которулуп, ал жактан эсине келбей каза болгон.

Аталган факт боюнча Кылмыш кодексинин 146-беренеси (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында бардык тиешелүү экспретизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен шектүү катары 60 жаштагы М.Ж., 67 жаштагы И.Р., 28 жаштагы К.Б., 32 жаштагы Э.А., 41 жаштагы М.К. жана 27 жаштагы А.Г. кармалган.

Ленин райондук соттун чечими менен М.К., Э.А. А.Г., К.Б., М.Ж. №1 тергөө абагына 10-январга чейин камакка алынган, ал эми И.Р. үй камагына чыгарылган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Дарыгерлердин камалышы: Милиция иштин чоо-жайын айтты

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>