Бүгүнтөн тарта кыргызстандыктар Казакстандын чек арасынан тоскоолдуксуз өтө башташты

Бүгүнтөн тарта кыргызстандыктар Казакстандын чек арасынан тоскоолдуксуз өтө башташты

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинен тарта Казакстан мамлекеттик чек арасын Кыргызстан менен болгон өткөрүү пункттарында коюлган чектөөлөр алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн саат 00:00дөн тарта Кыргызстандын жарандары мамлекеттик чек араны “Ак-Жол-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу эч кандай тоскоолдуксуз өткөрө баштады.

Кыргыз Республикасынын жарандары кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан “Чалдыбар-автодорожный”, “Ак-Жол-автодорожный”, “Кең-Булуң-автодорожный” жана “Токмок-автодорожный” өткөрүү пункттары аркылуу өтө алышат.

Бош унаалар чек арадан Кең-Булуң-автодорожный посту аркылуу өтө алат.

Чек арадан өтүүдө Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жарандарында акыркы 72 сааттын ичинде өткөн ПЦР тестинин сертификаты же 6 айдан ашпаган мөөнөткө эмдөө күбөлүгү болушу керек.

УКМКнын Чек ара кызматы Казакстан көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу Орусиянын аймагына кирүүгө ниеттенген Кыргызстандын жарандары Россия Федерациясынын Элчилигинде кирүү маселелери боюнча маалыматты тактап алышы керектигин билдирет.

Казакстан аркылуу өтүүчү транзит, ошондой эле кыргыз-казак чек арасынан чет элдик жарандардын өтүшү боюнча кошумча маалымат берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>