Казакстандын мурдагы президенти Назарбаев Кордайдагы окуя боюнча пикирин билдирди

Казакстандын мурдагы президенти Назарбаев Кордайдагы окуя боюнча пикирин билдирди

11-февралда Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кордайдагы окуя боюнча алгачкы жолу пикирин билдирди.

«Болуп өткөн окуя менин тынчымды алууда. 30 жыл аралыгында биз оор күндөрдү баштан өткөрдүк. Казакстанда 130 ишкана жабылып, 2,5 миллион адам жумушсуз калган. Азык-түлүк тартыш болуп, үйлөргө жылуулук берилбей калган. Бул кыйынчылыктардын бардыгын бирге жеңдик. Ал кезде биздин көп улуттуу калкыбыз биригип, туруктуулукту камсыз кылбаганда, бүгүн биздин өлкөгө чет өлкөлүк инвесторлор келмек эмес. Казакстан элдеринин ассамблеясы жана анын аймактардагы өкүлчүлүктөрү мындай учурлардын алдын алуусу керек. Бул биздин жалпыбыздын ишибиз», — деди Назарбаев.

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан 10 адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. 30дан көп турак жай, 15 соода түйүнү, 23 машине талкаланган же өрттөнгөн.

Тополоң чыккан бул айылдар Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы өйүзүндө жайгашкан. Зомбулуктан улам миңдеген киши Кыргызстанга качкан. 11-февралда Жамбыл облусунун губернатору Бердибек Сапарбаев акыркы эки күн ичинде Кыргызстандан 8000ге жакын дунган улутундагылар кайтып келгенин билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>