Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин расмий сапары менен Кыргызстанга келди. “Манас” эл аралык аэропортунда аны Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Аэропорттогу расмий жолугушууда ардак кароолдун ротасы тизилип, оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.
Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин жыйыны сыяктуу бир катар иш-чара өткөрүү пландалган. Эки тараптуу жолугушуулар тар жана кенен форматта соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүү, суу-энергетика, өнөр жай жана маданий-гуманитардык маселелердин айланасында өтмөкчү.
Күн тартибине мындан башка транспорт, инвестиция, туризм, билим берүү жана башка маселелер кирген.
Ошондой эле Казакстандын Премьер-министрин президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.
Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.