Кыргызстан какаого жана ири иш-чаралар үчүн товарларга бажы жеңилдиктерин алды«Баатыр энелердин» балдарына ЖОЖдордо кошумча гранттык орундар бөлүнүшү мүмкүнДепутат мектептерде жасалма интеллект сабактарын киргизүүнү сунуштадыСарыбашов аймактар ортосунда темир жол каттамдарын калыбына келтирүүнү сунуштадыУКМК Манас шаарындагы спорт мектебин реконструкциялоодо коррупцияны аныктады: зыян 7 млн сомдон аштыМамлекеттик автомектептерде практикалык сабактарды өтүү тартиби өзгөрдү
Казакстандын суу каптаган аймактарына экинчи «Жардам кербени» жетти
18.04.2024 | 19:00
Казакстандын суу каптаган аймактарына «Жардам кербени» Күлсары, Орал, Актөбе, Костанай шаарларына жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргызстан кошуна мамлекетке экинчи гуманитардык жардам жөнөтүүдө. Бул жолу 150 тонна сүт азыктары жиберилди.
7 жүк ташуучу унаа 5 облуска азык-түлүк алып барды. Анын экөө Актау шаарына бет алганы айтылат.
Биринчи «Жардам кербени» 15 фура менен 300 тонна жүк алып барган.
Белгилей кетсек, Казакстандын бир нече калктуу аймагын суу каптап, 10 облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. ИИМдин маалыматында, кырсык болгон райондордо 7 киши каза болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом