Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты тарткан тасма Франциядагы фестивалга катышат

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты тарткан тасма Франциядагы фестивалга катышат

Кыргызстандын «Жылкычы чымчык» толук метраждуу тасмасы Франциянын Ницца шаарында өтө турган эл аралык фестивалга катышат. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Тасма чет тилдеги кинолордун сынагында «Фестивалдын мыкты тасмасы», «Мыкты операторлук иш», «Мыкты костюм», «Мыкты тасма» номинацияларына көрсөтүлгөн. Фестиваль 13-15-майда болуп өтөт.

Тасмага Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты (2007-2010-жыл) Бегалы Наргозу режиссерлук кылган.

Сценарийди Бегалы Наркозу жазуучу Кубатбек Жусубалиев, режиссерлор Марат Сарулу (маркум), Актан Арым Кубат жана журналист Жамбы Жусубалиева менен бирге жазган. Оператор — Хасан Кыдыралиев.

Тасманын бет ачары 2023-жылы 15-декбарда Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрында болуп өткөн.

Белгилей кетсек, Бегалы Наркозу эмгек жолун 1983-1984-жылдары «Кыргызфильм» киностудиясында кинорежиссердун ассистенти болуп баштаган. 1987-1993-жылдардын аралыгында көркөм фильмдердин директорунун орун басары, жетекчиси болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>