ИИМ министрди сындаган депутатты негизсиз сын айтуудан алыс болууга чакырды

ИИМ министрди сындаган депутатты негизсиз сын айтуудан алыс болууга чакырды

Ички иштер министрлиги ИИМдин башчысы Улан Ниязбековго сын айткан Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарованы негизсиз сын айтуудан алыс болууга чакырды.

Белгилүү болгондой, 18-апрелде Айдарова ИИМдин жетексинин сындап, Ниязбеков министр болуп келгенден кийин өлкөдө кылмыштуулуктун саны өскөнүн, ал кызматкерлерге тегиз мамиле кылбаганын жана башка маселелерди айтып, президенттен министрди кызматтан алуу маселесин кароону суранган.

«Улан Ниязбеков жетекчилик кызматка дайындалгандан бери Ички иштер министрлиги жана анын бөлүктөрү тарабынан алгылыктуу иштер жасалды. Укук тартибин сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө, калктын коопсуздугун камсыз кылууга, жарандардын тынч жана туруктуу жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган бир катар уюштуруу жана башка иш-чаралар өткөрүлдү. Милициянын ишинде көзгө көрүнүктүү оң натыйжаларга  жетиштик. Ведомствонун түзүмүн оптималдаштыруу боюнча бир катар чаралар ишке ашырылды, калкка сервистик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, коомдук тартипти сактоо боюнча алдын алуу чаралары күчөтүлдү», — дейт министрлик.

ИИМ депутат Айдарова мурда милициянын тергөөчүсү болгонун белгилеп, ал министрлик жасап жаткан иштерди коомчулукка терс мүнөздө көрсөтүүгө аракет кылганын айтып, депутатты негизсиз сындан алыс болууга, калыс позицияны карманууга чакырды.

«Эгерде бүгүнкү кырдаалды жана беш жыл мурдагы шарттарды салыштыра турган болсок, анда бүтүндөй Ички иштер министрлигинин жана анын бөлүктөрүнүн ишинде олуттуу өзгөрүүлөр бар. Материалдык-техникалык жактан камсыздоо кыйла жакшырды. Үч жылдын ичинде 61 объект курулуп, пайдаланууга берилди. 200 объектте курулуш-монтаждоо жана оңдоо иштери уюштурулуп, 50 объектте оңдоо иштери улантылууда. Милициянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда оң натыйжаларга жетишилди. Алсак, укук коргоо чөйрөсүнө санариптик технологияларды киргизүү боюнча бир катар чаралар ишке ашырылды», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министрлик Кочкор-Атада спецназ ата-балага күч колдонуп, ур-токмокко алган окуя боюнча депутат айткан сындарга жооп берди.

«Кочкор-Ата шаарында жаранды кармоодогу милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча ИИМдин буйругу менен Жалал-Абад ОИИБнин 13 кызматкерине тартиптик жаза колдонулганын билдиребиз. Облустун ИИБ башчысы ээлеген кызматынан бошотулуп, төмөндөтүү менен башка кызматка дайындалды. Андан сырткары, Кочкор-Ата шаарынын тургунун кармоого катышкан кызматкерлердин аракеттерине юридикалык баа берилет. Ички иштер органдарында тартипти сактоого дайыма көңүл бурулат», — дейт министрлик.

ИИМ депутаттын милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө батир бөлүштүрүүдө адилетсиздик болгону тууралуу айткандарын төүндөдү.

«Бишкек шаарындагы Калык Акиев көчөсүндө курулган милиция кызматкерлери үчүн үйдүн курулушу 2017-жылы башталган. Улан Ниязбековдун жетекчилиги алдында үйдүн курулушу аяктады.

Ички иштер министрлиги депутат Айгүл Айдарованын батир бөлүштүрүү адилетсиз болуп, бир балалуу үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батир берилгени тууралуу маалыматы чындыкка дал келбейт. Жалпысынан 2023-жылдын декабрь айында турак жайга муктаж адамдарга 216 батир (1 бөлмөлүү — 72 батир, 2 бөлмөлүү — 90 батир, 3 бөлмөлүү — 54 батир) бөлүнгөн.  Үч бөлмөлүү батирлер биринчи кезектүүлүктөгү тизмеде катталып тургандарга, анын ичинен көп балалуу үй-бүлөлөргө, майыптыгы бар балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөргө, пенсионерлерге жана кызмат учурунда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө берилген.

Азыркы учурда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан юридикалык жактан документтештирүүсү жыйынтыкталып келе жатат. Андан кийин расмий иш-чаралар жөнүндө сүйлөшсөк болот», — деп билдирет ИИМ.

Министрлик билдиргендей, жарандардын коопсуздугу жана коомдук тартипти камсыздоо милиция кызматкерлеринин артыкчылыктуу милдети болуп саналат. Ички иштер органдары коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, укук бузууларды алдын алуу боюнча өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди дайыма аткарышат.

«Министр болууга моралдык укугу жок!». Депутат ИИМ башчысын катуу сындады (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>