ДКӨ-2026: «Кыймылдагы мурас» роликтер сериясы сунушталды. ВидеоКыргызстанда калдыктарды кайра иштетүүчү ишканалар колдоого алынуудаБишкектеги клуб ээлерине баңгизаттар үчүн жоопкерчилик тууралуу эскертилдиЭми дыйкандар министрликтин байланыш борбору аркылуу кеңеш ала алышатӨКМ айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерттиКыргызстанда балдардын бир ата-энесинин макулдугу менен чет өлкөгө чыгуусуна уруксат берүү сунушталууда
Казакстандын суу каптаган аймактарына экинчи «Жардам кербени» жетти
18.04.2024 | 19:00
Казакстандын суу каптаган аймактарына «Жардам кербени» Күлсары, Орал, Актөбе, Костанай шаарларына жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргызстан кошуна мамлекетке экинчи гуманитардык жардам жөнөтүүдө. Бул жолу 150 тонна сүт азыктары жиберилди.
7 жүк ташуучу унаа 5 облуска азык-түлүк алып барды. Анын экөө Актау шаарына бет алганы айтылат.
Биринчи «Жардам кербени» 15 фура менен 300 тонна жүк алып барган.
Белгилей кетсек, Казакстандын бир нече калктуу аймагын суу каптап, 10 облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. ИИМдин маалыматында, кырсык болгон райондордо 7 киши каза болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом