28-июлда Кыргызстанда абанын температурасы +39°ка чейин жетет, айрым райондордо кыска мөөнөттүү жаан күтүлөтКамчыбек Ташиевдин бир тууганы келтирилген чыгымды төлөгөндөн кийин үй камагына чыгарылдыАскат Алагөзөв: 30-июлдан 1-августка чейин Тамчы — Чолпон-Ата жолу жабылып туратКыргызстанда тигүүчүлөр жана селлерлер үчүн салык нөлгө түшүрүлүшү мүмкүнАйыл чарба министрлиги менен Италиянын FederUnacoma федерациясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту«Бишкек» ЭЭА Кытайда өкүлчүлүк ачып, кызматташуу тууралуу макулдашууга кол койду
Казакстандын жарандыгын алууну каалагандар мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү болот
02.08.2024 | 14:45
Казакстандын жарандыгын алууну каалаган адамдар казак тилин билүүгө милдеттүү болот. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин басылмалары жазды.
Аталган норма 12-августтан тарта күчүнө кирет. Ага ылайык, Казакстандын атуулдугун алууну каалаган кишилер мамлекеттик тилди базалык деңгээлде, өлкөнүн баш мыйзамынын жана тарыхынын негиздерин билүүгө тийиш. Алар атайын тесттен өтүп, сертификат алышы керек болот.
Буга чейин өлкөнүн билим берүү министри Саясат Нурбек билдиргендей, Казакстандын алдында эмгек сиңирип, президенттин тизмесине кирген, жашы жете электер жана майыптыгы бар адамдар аталган тестти тапшыруудан бошотулат.