Казактарга кармалган Сыймык Өмүрбек уулу депутаттын тынчын алууда

Казактарга кармалган Сыймык Өмүрбек уулу депутаттын тынчын алууда

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев Каркыра жайлоосунан Казак чек арачылары тарабынан кармалып кеткен кыргыз жараны Сыймык Өмүрбек уулунун кайтарылбай жатканын кайрадан пленардык жыйында көтөрдү.

Сыймык Өмүрбек уулун Каркыра жайлоосунан Казакстандын чек ара кызматкерлери кармап кеткени боюнча бир ай мурун протоколдук тапшырма бердик эле. Ал убакыттан бери эч кандай чечим боло элек. Бүгүн дагы кайра протоколдук тапшырма берейин, ал жараныбызды ата-энесинин колуна кайтарып берсек жакшы болот эле. Эртең менен кечинде чалып менин да тынчымды алып жатат. Ушул маселени мамлекеттик деңгээлде чечип берсеңер жакшы болмок”— деди депутат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылып, маселени тездетип берүүнү суранды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>