Садыр Жапаров жаңы Ак үй эмнеге керек экендигин айтты

Садыр Жапаров жаңы Ак үй эмнеге керек экендигин айтты

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек берип жатып, журналисттин “жаңы ак үй куруш керек дегендер аргумент катары “чет элдик меймандарга уят болбойлу” дешти. Бирок акыркы убакта чет мамлекеттерден жогорку даражалуу кыйраткан деле меймандар келе элек го?” — деген суроосуна жооп берди.

Чакырсаң, баары эле келет. Аларды тосконго шартың начар болсо, кантип чакырасың. Былтыр Ысык-Көлдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммити өттү. Дагы жакшы, жанталашып, үч айда резиденциянын ичине конгресс-хол сала калдык. Ошол абийирибизди жапты. Болбосо буга чейин чоң жыйын өткөрүүчү тыңгылыктуу залыбыз жок экен да. Быйыл эми президенттер келе башташат. 26-май күнү түшкө чейин Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаев расмий визит менен келет. Түштөн кийин Өзбекстандын Президенти Шавхат Миромонович Мирзиёев расмий сапары менен келет. 27-майда ЕАЭБке кирген өлкөлөрдүн президенттеринин баары келишет. Ар нерсенин өз убагы келет. “Эч бир президент келбеди” деп сайрагандар сабыр кылып турушсун. Баары келет”-деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>