Келдибеков экс-спикерлердин жолугушуусуна эмнеге келбей калды? Жооп

Келдибеков экс-спикерлердин жолугушуусуна эмнеге келбей калды? Жооп

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков парламенттеги экс-спикерлердин жолугушуусуна келбей калуу себебин өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Бүгүн, 30-майда көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 30 жылдыгына карата, Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин чечими менен ыйгарылган маарекелик медалдарды тапшыруу аземи болду. Ден соолугума байланыштуу аталган иш чарага катыша алган жокмун. Уюштуруучуларга чын дилимден ыраазычылык билдирем”-деди.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин чечими менен ыйгарылган  “КМШ ПАА 30 жыл” аталышындагы маарекелик медалдарды тапшырылган болчу.

Келдибеков көрүнбөйт. Жогорку Кеңеште мурдагы төрагалар жолугушту

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>