Келечекте Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттойт

Келечекте Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттойт

Келечекте Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттой алат. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан өзүнүн гидропотенциалынын 10% гана пайдаланат.

«Келечекте биз өндүрүштү көбөйткөндө Кытайга электр энергиясын сата алабыз. Ошондуктан бизде электр энергиясы ашыкча болгондо Кытай Эл Республикасы бизден сатып алса болот деген сунуш киргиздик. Коңшу болгондуктан ашыкча электр энергиясын бул эбегейсиз мамлекетке жагымдуу баада сатуу үчүн 220 110, 500 киловольттук линияларды тартышыбыз керек», — деди министр.

Президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунун жыйынтыгында Кыргызстандан Кытайга электр энергиясын жеткирүү боюнча келишим түзүлгөнү белгилүү болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>