«Манас» жана «Ош» аэропорттору 39 жылга түркиялык компанияга берилгени жатат, — депутат

«Манас» жана «Ош» аэропорттору 39 жылга түркиялык компанияга берилгени жатат, — депутат

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев «Манас» жана «Ош» аэропортторунун түркиялык компанияга ижарага берилиши боюнча президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылды.

Анын айтымында, эки аэропорттун түркиялык компанияга бериле тургандыгы боюнча Акылбек Жапаров парламентте айткан.

“Министрлер кабинети «Манас» жана «Ош» аэропортторун түрктөрдүн анча белгилүү эмес «Yda Insaat компаниясына 39 жылга ижарага берүү боюнча меморандум түзүү алдында турат. Бул боюнча Министрлер кабинетинин башчысы кечээ парламентте айтты. Бул туура эмес. Анткени дүйнөлүк банк Евразиялык өнүктүрүү банкы менен келишим түзүп, анын алкагында ачык сынак өткөрүлмөк. Германиядан, Голландиядан, Түштүк Кореядан ири компаниялар катышууга аракет кылып жатканда эч кандай сынак өткөрбөй, эки чоң аэропортубузду түркиялык компанияга бергени жатышат”, — деди депутат.

Ошондой эле, ал бул иш боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана өкмөттөр аралык комиссия терс корутунду бергенине карабастан өкмөт жана бийлик ушундай кадамга барып жаткандыгын белгиледи.

“Келишим 2061-жылга чейин экен. “Манас ” аэропорту жылына бюджетке 500 млн доллар киреше берип жатат, ал эми келишим түзүлсө, биз 207 млн доллар пайыз үчүн түрк компанияга төлөйбүз. Бул маселени президентке, УКМКнын башчысына жеткирүүнү өтүнөм”, — деди ал.

Кечээ Акылбек Жапаров «Манас» жана «Ош» аэропортторун реконструкциялоо үчүн ачык сынакта мамлекеттин сунушуна макул болгон бир дагы компания келбегендиктен, түркиялык «Yda Insaat”  деген компания менен алдын ала макулдашуу жүрүп жатканын билдирген.

“Түркиянын YDA компаниясы менен алдын ала макулдашуу болду. Жакын арада Бишкектеги жана Оштогу аэропортту эки жыл аралыгында реконструкциялоо үчүн 450 млн. доллардан 1 миллион долларга чейин инвестиция салып, бардык жумуштарды бүтүрмөй болуп жатат. Эгер жакынкы күндөрү макулдашууга кол коюлса, жумуштар башталат”, — деген Акылбек Жапаров.

 

Тэги: аэропорт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>