Таласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү
Кеминде 1000 сом кошулат. Бүгүндөн тарта Кыргызстанда пенсиялар көбөйтүлдү
01.10.2024 | 09:46
Бүгүн, 1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсиялар көбөйтүлдү.
Белгилүү болгондой, 1-октябрдан тарта өлкөдө пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18%га көтөрүлдү. Ошол эле учурда бир топ жарандын пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү аз болуп, аларга 200-300 сом же 500-700 сом кошулуп калышы мүмкүн болгондуктан, пенсия кеминде 1000 сомго көбөйтүлөт. Жыйынтыгында пенсия көтөрүлгөндөн кийин өлкөдө эң аз пенсия 6,9 миң сомду түзүп калат.
Учурда Кыргызстанда 785 миңдей пенсионер бар.
https://reporter.kg/kych-tyzymdoryndo-ishtep-pensiyaga-chykkan-zharandardyn-pensiyasy-kotorylot/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом