Кеминде өспүрүм баланы сабап кетишти. Окуянын чоо-жайы

Кеминде өспүрүм баланы сабап кетишти. Окуянын чоо-жайы

Кемин районунда өспүрүм баланы сабап салган эки киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө 29-июнда Л.М., аттуу жаран арыз менен кайрылып, 28-июнда саат 21:30дар чамасында небересине жана анын досунун денесине жаракат келтирген белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Факт каттоого алынган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, 28-июнда саат 21:30 чамасында арыз ээси үйдө отурган учурда көчөдөн өтүп бара жаткан кыз чуркап кирип, Каныкей деген дүкөндүн жанында анын небересин сабап жатканын билдирген. Аны укканда ал дароо дүкөндү көздөй барып, жанында кара түстөгү унаа турганын көргөн. Анын ичинде эки жигит отурган. Ал унааны ачып, ичинен кан жалаган небересин көргөн.

Милиция кызматкерлери унаадагы адамдардын өздүгүн аныкташып, милициянын бөлүмүнө алып келишкен. Сурак учурунда алардын бири анын дарегине цензурага ылайык келбеген сөздөрдү айткандыктан өспүрүмдүн денесине залал келтиргенин айткан.

Учурда иштин чоо-жайын териштирүү үчүн тиешелүү тергөө жана оперативдүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Мындан тышкары, өспүрүм баланын денесине келтирилген зыяндын деңгээлин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки иш уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>