Кыргызстанда айылдардын саны көбөйдү. Алар кайсылар?

Кыргызстанда айылдардын саны көбөйдү. Алар кайсылар?

Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам долбоорунун демилгечиси — Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эльчибек Джантаев белгилегендей, мыйзам долбоору менен өлкөнүн төрт облусундагы айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү сунушталган.

Алар:

— Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Жетиген, Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын Ак-Тилек, Умай-Эне;

— Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын Кызыл-Суу 2, Ноокен районунун Сакалды айыл аймагынын Сай-Бою, Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Жаңы-Арык жана Кырк-Казык, Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Биримдик;

— Ош облусунун Алай районунун Жошолу айыл аймагынын Кара-Токту, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагынын Достук, Сары-Колот айыл аймагынын Бөрүлүк, Ноокат районун Төөлөс айыл аймагынын Кара-Кечит, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат жана Боз-Ала;

— Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң айыл аймагынын Ак-Булуң калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү сунушталган.

Талкуу маалында депутат Нурланбек Азыгалиев айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү боюнча критерийлери жана тартиби жөнүндө маселени көтөрдү. Ал эми депутат Жанарбек Акаев Кара-Күжүр айыл өкмөтүнө караштуу Лахол жана Жер-Көчкү айылдарынын тургундары алардын конуштарын Нарын облусунун Кочкор районуна бириктирүүнү суранып жатканын маалымдады.

Ошондой эле жыйында “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (“КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө”, “КРнын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө” мыйзамдарына”)” мыйзам долбоору жөнүндө экинчи окууда каралып, колдоо тапты.

Мындан тышкары, “КРнын Президентин жана  КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ”  КРнын конституциялык Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү  киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоору, “КРнын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө” мыйзам долбоору жөнүндө экинчи окууда жактырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>